Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти. Атамбаев өз сөзүндө эртең кечки саат 19:00дө Кыргыз өлкөсүнө кайтып келерин айтты. Учурда анын кайтып келиши боюнча социалдык тармактарда ар түрдүү пикирлер айтылууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы “Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлойсузбу?” деген собол салды.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Атамбаев Москвага барып келгенден кийин көп өзгөрүүлөр болот"
Экс-депутат Равшан Жээнбеков билдиргендей, Кыргыз саясатында Орусиянын, Кремлдин орду чечүүчү болуп эсептелет.
"Көп мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар, жарандар муну байкашпайт, айтышпайт же билсе дагы унчугушпайт. Бирок биз бул нерсени так айтышыбыз керек. Кыргыз мамлекетиндеги бардык маанилүү маселелер боюнча чечүүчү роль Кремлдин колунда. Атамбаев Москвага барып келгенден кийин көп өзгөрүүлөр болот. Биринчиси, Атамбаевдин партиясы келерки 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо негизги оппозициялык партиялык орунду ээледи. Орустарга жакын позицияны бекемдеп койду. Каражат маселеси чечилди десе болот. Экинчиси, Атамбаев келгенден кийин коомдук пикирде чоң өзгөрүүлөр күтүлөт. Бүгүнкү күндө деле социалдык тармактарда талкуулар болуп жатат. Үчүнчүсү, саясатчылардын арасында сүйлөшүү процессинде бийлик бир тарап, оппозиция бир тарап болуп бир топ жеңилдейт. Ушуга окшогон маанилүү процесстер жүрөт. Бул жалпы Кыргыз саясатына, бүгүнкү болуп жаткан окуяларга чоң таасир берет", - дейт Равшан Жээнбеков.
КАЛМАМАТОВ: "Атамбаевдин Орусиянын авиабазасынан учуп кетиши өлкөнүн эгемендүү саясатка ээ экенине күмөн жаралды"
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов Кыргыз өлкөсү өз алдынча мамлекет экендиги, эгемендүүлүгү күмөн болуп калды дейт.
"Атамбаевдин Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынан Орусияга учуп кетиши саясий кырдаалды кескин өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, өлкөнүн эгемендүү саясатка ээ экенине күмөн жаралды. Тагыраагы, башка мамлекеттер биздин ички саясатка түздөн-түз кирише баштады деп түшүнсөк болот.
Кыргыз мамлекети, анын ичинде биздин ички саясатка көз салып турган дүйнө мамлекеттеринин алдында ыңгайсыз абалда калдык. Башкача айтканда, өз алдынча эгемендүү мамлекет экенибиз күмөн болуп калды. Атамбаевдин учуп кетиши саясий кырдаалдын кескин өзгөрүшүнө алып келди", - деди Калмаматов.
ТУРДУКУЛОВ: "Кандай гана кырдаал болбосун ал көпкө созулбайт"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бул маселе оң жагына чечилишине үмүтү чоң экенин айтты.
"Алмазбек Атамбаев Москвага барып келген соң саясий кырдаал оң жакка өзгөрөт деп ишенем. Кандай гана кырдаал болбосун ал көпкө созулбайт деген ойдомун. Эң негизгиси бул маселе оң жакка чечилсе экен деген үмүтүм бар", – деди Турдукулов.
АСАНОВ: "Бул кишиге ишенип болбойт, буга чейин чыкпайм деди эле, мына бүгүн өлкөдөн чыгып кетти"
"Атамбаев өлкөгө кайра келсе аны аэропорттон кармайт деген терең ишенимим бар. Себеби аны кармабаса, мыйзам иштебесе мамлекеттин баркы кетип калат. Мен бийлик бул кадамга сөзсүз барат деген ойдомун.
Негизи бул кишиге ишенип болбойт, буга чейин чыкпайм деди эле, мына бүгүн өлкөдөн чыгып кетти. Ал өзүнүн кызыкчылыгына жараша гана аракет кылат.
Ал эми мындан аркы саясий өңүт, бул бийликтин эле аракетинде жашап жатат. Эгер бийлик туура аракеттерди жасаса корко турган эч нерсе деле болбойт. Бүгүнкү күнгө чейин бийлик тарабынан андай катачылык кете элек. Атамбаевге мыйзам чегинде 1 эмес 3 жолу суракка чакыруу берди, "чыгам" деди тоскоолдук кылган жок. Бийлик тарабынан да мыйзам бузуу болгон жок. Ал эми саясат кандай болоору бийликтин мындан аркы кадамдарынан көз каранды", - деди Асанов.
АКМАТАЛИЕВ: "Атамбаев кайра келеби, келбейби ошого жараша анализ кылуу керек"
Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев алдын ала кандайдыр бир божомол айтуу кыйын деген пикирде.
"Атамбаев кайра келеби, келбейби ошого жараша анализ кылуу керек. Алдын ала кандайдыр бир божомол берүү кыйыныраак. Ал Москвадан ким менен жолугат, кандай ой менен келери азырынча белгисиз. Анын баары белгилүү болгондон кийин кандайдыр бир баа берүүгө болот.
Эгер кайтып келбей калса, анда да анализ жасашыбыз керек. "Себеби эмнеде?, Эмнеге келбей калды?, Канча убакытка чейин келбейт?" деп азыркы учурда терең анализ жүргүзүү кыйыныраак", - деди Акматалиев.
ТАЛГАРБЕКОВ: "Атамбаевдин саясий карьерасы бүткөн, өлкөгө эч кандай таасир эте албайт"
Саясий ишмер Бекболот Талгарбеков Атамбаев Москвага барып келген соң өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрөт деп ойлобой турганын айтты.
“Саясий кырдаал азыр кандай болсо, ошол бойдон калат. Атамбаев эч кандай чоң саясатты жетелей албайт. Анын саясий карьерасы бүткөн, өлкөгө таасир эте албайт. Жогорку Кеңеш анын кол тийбестик макамын алып салгандан кийин, ал “саясий өлүккө” айланган. Кайра келгенде элге ар кандай шоу көрсөтүшү мүмкүн. Анысынан эч кандай майнап чыкпайт. Ал жакында, август айынын экинчи жарымында УКМКнын СИЗОсуна отургузулат. Сурак берип баштайт”, - дейт ал.