Кыргыз-Тажик чек арасындагы пикир келишпестиктен жабыркагандардын айрымдары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ооруканада 3 адам жатат. Алардын абалы туруктуу, эртең ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 10дон ашык адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан. Ооруканага 16 адам кайрылган.