Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы жоокерлердин бири каза болгон. Ал УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын подполковниги Үсөнбек Ниязбеков болгон.
Өмүр баяны.
УКМКнын маалыматына ылайык, каза болгон кызматкер Ош облусунун Ноокат районундагы Бел-Өрүк айылында 1972-жылы төрөлгөн;
Маркум Ош технологиялык университетин аяктаган;
2000-жылы Ош облусундагы "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгында иштеп баштаган;
2019-жылдын февраль айында УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлеринин башчысынын орун басарлыгына дайындалган.
Үсөнбек Ниязбеков "Эрдик" төш белгиси жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Анын артында жубайы жана 6 баласы калды.
2019-жылдын сентябрь айында ага полковник чини ыйгарылмак.
Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна спецназ келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та анын каза болгону маалым болгон.