Бүгүн, 15-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочу менен келүүнү айтышты. Маалым болгондой ал бүгүн камакка алынат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочу менен келүүнү айтышты. Себеби бүгүн камакка алышат экен. Мага "барымтага алуу" беренеси менен айып тагылууда. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт", - дейт Жээнбеков.
Маалымат үчүн: 244-берене "барымтага алуу"
1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;
3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен;
4) эки же андан көп адамга карата;
5) билип туруп жашы жетелекке карата;
6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;
7) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -
IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосундар, -
V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -
I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.