Бүгүн, 15-августта экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылган. Учурда депутаттын убактылуу жактоочусу Замир Жоошев башкармалыкка келди.
"Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу Равшан Жээнбеков төртүнчү ирет суракка чакыртылып жатат. Азыр суракка киргенден кийин окуянын чоо-жайы такталат", - деди ал.
Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочу менен келүүсүн айтышкан. Маалым болгондой, ал бүгүн камакка алынат. Бул тууралуу экс-депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.