
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму
Алмазбек Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалын камактан чыгарууга чакырды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезир бийликти коррупция боюнча айыпталып камакка алынган Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалын камактан чыгарууга чакырган.
"Дезир өз сөзүндө каналдын ишмердүүлүгү токтотулуп, камакка алынышына тынчсызданганын айтты. Буга тиешелүү шарттар болгонун билем, ошондон улам ал канал камакка алынган, бирок бул маселени бийликти кайра кароого чакырам. Дезирдин айтымында, ар кандай оор кырдаалда да ЖМКнын эркиндигин сактоо зарыл. Мындан сырткары, ал саясий окуяларды чагылдырган журналисттердин коопсуздугуна да кам көрүү керектигин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, "Апрель" телеканалынын көрсөтүүсү 7-август күнү, Атамбаевди колго түшүрүү операциясынын биринчи күнүндө токтотулган. Андан кийин телеканалдын мүлкү камакка алынган болчу.