Бүгүн, 9-августта Бишкектеги "Форум" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер басып алды. Аталган имаратта "Апрель" телеканалынын кеңсеси жайгашкан.
Спецназдар кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылганын телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложников жеринде жүргөн кабарчыбызга билдирди.
"1 саат мурда спецназдар келип 40 мүнөттүн ичинде кызматкерлерге имараттан чыгып кеткиле же биз алып чыгабыз деди. Мен кызматкерлеримдин өмүрүн тобокелге салгым келбейт. Биз имараттан чыгып кеттик. Бирок ишибизди токтотпойбуз", - дейт Ложников.
Ошондой эле кызматкерлердин кийимдерин, телеканалдын камераларын бербей коюшкан.
Учурда атайын даярдыктагы жоокерлер имараттан чыгып, кетип жатышат.