Бүгүн, 23-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге сурак берүүгө чакырылганын билдирген. Саат 5те Турдукулов сурак берүү үчүн ИИМдин Тергөө башкармалыгына кирип кетти.
Өзү бул тууралуу 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары чакырылганын айткан.