Бүгүн, 10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Фарид Ниязов - Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдарынын бири. 2018-жылы март айында өз арызы менен президенттик аппараттын башчылыгынан кеткен.
Буга чейин Кундуз Жолдубаева Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалганын айткан. Андан тышкары "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.