Кой-Таштагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 36га жетти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады. Жабыркагандар саат канчада, кайсы ооруканага кайрылганы боюнча тизме.
20:20. Чүй облустук "Тез жардам" кызматына Кой-Таш айылынан билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын 5 бригадасы жана кошумча Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы жөнөтүлдү.
Чүй облустук ооруканасына "Тез жардам" кызматы менен 2 адам жеткирилген. Жабыркагандардын көкүрөк тушуна резина огу тийген. Алардын абалы орто деп бааланып, медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
21:50. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 5 киши келип түшкөн.
22:30. Денесинен ар түрдүү жаракаттарды алган 10 адам Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга келип түшкөн. Алардын экөөсүнүн көкүрөк тушуна резина огу тийген. Дагы бирөөсүнүн баш мээси чайкалган. Абалдары орто деп бааланууда. Бул 3 жабырлануучу Чүй облустук ооруканасында медициналык жардам алып жатат. Ал эми Бишкектеги Улуттук госпиталга билегинен жана көзүнөн жаракат алган жаран кайрылган. Ошондой эле Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 6 жабырлануучу кайрылган. Алардын бирине тез арада операция жасоо каралган. Калгандарынын абалы орто.
22:50. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна күч түзүмдөрүнөн 1 кызматкер кайрылганын "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов маалымдаган.
3 адам Чүй облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.
23:25. Көрсөтүлгөн убакытка карата алынган маалыматка ылайык, жалпысынан 15 киши жаракат алган.
00:30. Жабыркагандардын саны 23кө жетти. Алардын экөөсү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.
Бир адам амбулатордук дарыланууга жиберилген.
00:55. Бул саатка карата жабыркагандардын жалпы саны 36 кишиге жетти. Алардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 1 атайын даярдыктагы жоокердин абалы оор болуп, тез арада операция жасоо каралган. Көрсөтүлгөн жардамга карабай жабырлануучу каза болду.