Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын саясий кеешинин мүчөсү Алга Кылычов жана "Элдик штабдын" башчысы Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Ички иштер министрлиги Алга Кылычов "массалык башаламандык уюштуруу" жана "барымтага алуу" беренелери менен камакка алынганын маалымдады.
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 8-августта кармалган.
Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.
10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.