"Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редакторун жана анын жолдошун УКМКга алып кетишти

"Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМК кызматкерлери бүгүн, 11-августта үйүнөн кармап кетишти.

Алар Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары делинип кармалган. Жакындарынын айтымында, учурда Фархат Борукеев менен Назгүл Мамытова УКМКда сурак берип жатышат.

Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.

10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан