Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жана андан кийин орун алган башаламандыктан Бишкек мэриясы 2 миллион сомдон ашык зыян тартты. Мындай маалымат мэриянын жыйынында белгилүү болду.
"7-8-9-августтагы башаламандыкта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов укук коргоо органдарына 70 автобус бөлүп берген. Анын ичинен 30 автобустун айнектери, күзгүлөрү талкаланып, 1 автобус жараксыз болуп калган. Алдын ала маалыматтар боюнча талкаланган автобустарды оңдоп-түзөө үчүн 2 миллион сом керектелет. Ошондой эле мэр 60 айдоочу убактылуу жумушсуз калганын, күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго төмөндөгөнүн белгиледи.
Мындан тышкары шаар мэри укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", - деди басма сөз кызматынан.