Бишкекте КСДПнын жаштар канатынын лидерин жана бир катар өкүлдөрүн ИИМдин кызматкерлери кармап кетти

Бүгүн, 9-августта КСДП отурган "Форумдун" имаратына спецназ келип, КСДПнын бир катар өкүлдөрүн ИИМдин кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"ИИМдин өкүлдөрү "Форумга" кирип келип эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзбөстөн, партиянын жаштар канатынын лидери Эрмек Океновду, штаб мүчөсү Амантур Жамгырчиевди жана Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Орусия Федерациясындагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, Алга Кылычовду белгисиз тарапка салып кетишти", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан