Алмазбек Атамбаев кыргыз элине кайрылуу жасады

Бүгүн, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештер, бүгүн бийлик мыйзамсыз түрдө Конституцияны бузуп, мени колго алып, эптеп Атамбаевдин оозун жабыш үчүн куралчан кирип келди. Биринчи резина ок менен кийин согуштук ок менен атышты. Болгондо дагы Атамбаевди камоо, элди коркутуу үчүн атайын даярдыктагы жоокерлер келишиптир. Бул абдан уят жана кайгылуу нерсе.

Экс-президент Атамбаев террорчу эмес. Анын тегерегине келген эл дагы террорчу эмес. Алар адаттагыдай эле саат 19:00дө мени менен сүрөткө түшөйүн деп келишкен. Күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алышты. Негизи бул уят нерсе.

Мен Батукаев боюнча тийиштүү суроолорго кагаз түрүндө жооп берип, гезит, сайттарга чыгаралы дедим. Андай болбойт дегенден улам сыр кылып ИИМ үчүн жазып берели деп сунуштадым. Мени таң калтырып, кайгыртканы Батукаев боюнча менин коррупциялык ишим жок. Аны Сооронбай Жээнбеков жакшы билет.

Атамбаевдин оозун жаап, чындыкты сүйлөтпөш үчүн өз элине ок чыгаруу бул абдан уят нерсе. Бирок дагы бир жолу бийликке токтоткула, аягы жаман бүтөт деп айтат элем. Көп улуттуу кыргыз эли кой эмес. Аларга тизелеп жашаганча өлүм артык. Эл бир үй-бүлөнүн кулу болбойт. Бийлик ошону ойлонуп, эсине келсе болот эле. Күч органдарына өз элиңерди атпагыла деп кайрылат элем. Силерге буйрук бергендер качып кетет. Силер антты бир үй-бүлөгө эмес, кыргыз элине бергенсиңер. Айланайын кыргыз элим, ушундай туруштук берип жатканыңарга рахмат. Мен үчүн намысым жанымдан артык. Бийлик өз элин атканды токтотушу керек. Азыркы окуя жаман бүткөнү турат",
- дейт Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан