Бүгүн, 19-августта Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз кармоо боюнча даттануу арызы каралмак.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, даттануу арызы эртең, 20-августта саат 20:00дө каралмай болду. "Буга тергөө тобунун жетекчиси Эркебек Аширходжаев бош болбой жатканы себеп болду", - дейт Жолдубаева.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган.