Эртең, 16-августта Бишкек шаардык сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызын карайт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко Атамбаевди алып келишет. Соттук отурум саат 10:00дө башталат.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.