Бийликти сындап келген Фархат Баабиев: "Чагымчыл сөздөрдү айтканым үчүн жалпы элден кечирим сурайм"

Бийликти сындап келген Фархат Баабиев чагымчыл сөздөрдү айтканы үчүн элден кечирим сурады.

"Мен жарандык оюмду билдирип, Алмазбек Атамбаевди колдоо максатында Кой-Таш айылындагы элдик штабга баргам. Бирок 7-8-августта болгон окуялар менин көз карашымды толугу менен өзгөрттү. Жалпы элибиздин тынчтыгы, мамлекетибиздин келечеги үчүн ынтымакта бололу. Жеке кызыкчылыктарын ойлоп, жалпы элге жамынып, карапайым калкты курал катары колдонгусу келген, кыргыз элин түндүк-түштүк деп бөлгүсү келген саясатчылардын провокацияларына алданбайлы. Ошол себептен мыйзамды сыйлап, ынтымакта, тынчтыкта жашоого жарандарды чакырам. Чагымчыл сөздөрдү айтканым үчүн жалпы элден кечирим сурайм", - дейт Баабиев.

Бийликти сындап келген Фархад Баабиев: "Чагымчыл сөздөрдү айтканым үчүн жалпы элден кечирим сурайм"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tolkun555
2019-08-15 15:45:30
Кечирдик
0
Makain
2019-08-15 15:45:57
Эми эсине келдинби
0
Bektur2011
2019-08-15 15:54:24
Мыйзам чегинде жооп берсин. Кечирим сурап кутулуп кетем деп ойлобосун
-1
Jaznura
2019-08-15 15:54:29
Атамбаевден мындан ары колдоо да буканын эти да жок экенин түшүндү
+13
altyn-kumush
2019-08-15 15:57:22
Болгонун ушул экен эмне кыласын кокурок кагып чыгып! Кечирим менен кутулбайсын, мыйзамда кечирим сураса жазасын албай калат деп жазылган эмес
0
Chungyz
2019-08-15 16:06:16
Жеген окшойсун муштумдан 1 кг
+19
aydinnur
2019-08-15 16:10:37
Ай Фархат сени да коркуткан экен ээ.. Билбегендерге айтаарым бул жигит квартальный болуп иштеп,өзүнө таандык көчөлөрдү образдуу айтканда гүлдөткөн! Биринчи суу киргизип, жолдорун оңдоп дегендей..
-4
basyz-kaman
2019-08-15 17:05:58
Кеч боло электе ушул жигитке окшоп кечирим сурагыла башкаларың дагы. Кечиримдүү бололу туугандар! Өлкөбүздө тынчтык болсун! Интернетти чукулап, комментарий жазып, бирөөнүн кемчилигин таап, басмырлап ар кандай жаман сөздөрдү жазуудан алыс бололу туугандар!
0
asdef
2019-08-15 17:36:57
Канчадан алганынды да айттынбы?
+2
Aikaaaa
2019-08-15 17:41:27
Жөн эле шпион болсо керек да
0
elchi84
2019-08-15 21:13:49
Эсинен чыгып кетпейби ?Камаш керек буну дагы.
0
mister_akkuu
2019-08-15 23:36:29
Кечирим сураганда оюн баарыбир ошол бойдон калды да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан