Алмазбек Атамбаевди коргоо штабынын жетекчилеринин дайыны белгисиз болууда. Мындай кабарды тактоо үчүн партиянын жаштар канатынын лидери Эрмек Океновго кайрылдык. Анын айтымында, учурда штаб жетекчилеринин дайынын билүү аракеттери жүрүп жатат.
"Алга Кылычов, Мээрбек Мискенбаев менен кечээтен бери байланыша албай жатабыз, телефон номерлери өчүк. Алга Кылычовдун аялы кечээ ал үйүнө барбаганын айтты. ИИМ кечээ аянттагы коомдук тартипти бузганга аракет кылган деп 40 баланы кармаптыр. Анын арасында штаб жетекчилери барбы, жокпу билбей жатабыз. Азырынча алардын тизмесин ИИМ бизге бере элек", - деди ал.
Биз Алга Кылычовго, Мээрбек Мискенбаевге жана штаб мүчөсү Амантур Жамгырчиевге байланышуу аракетин көргөндө телефондору өчүк болду.