Бүгүн, 7-августта КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева шашылыш билдирүү жасады. Анын айтымында, атайын даярдыктагы жоокерлер Кой-Ташка барышты.
Спецназ Атамбаевдин тарапташтарына карата атайын каражаттарды колдонушууда. Анда бир нече адам жабыркады. Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев дагы бар. Анын жаракат алганын жакындары билдирди.