Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-октябрь түнү болгон.
Окуянын күбөсүнүн айтымында, унаада күйөөсү аялы келе жаткан. Кырсыктан улам унаада келе жаткан аял каза болгон.
"Унаанын ичинде дагы кишилер бар болчу. Бирөөсүн "Тез жардам" кызматы келип, ооруканалардын бирине алып кеткен. Ал эми айдоочу эч кандай жаракат алган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча алар тойдон келе жатышкан", - деди окуянын күбөсү.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, буларды билдирди.
"Мерседес Бенц унаасы жолдун четиндеги электр мамыны сүзгөн. Кырсыктан улам 32 жаштагы аял каза болуп, дагы үч жаран ооруканага жеткирилген. Алардын арасында айдоочу дагы бар. Учурда жол кырсыгы боюнча маалыматтар териштирилүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.