Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралат. 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын арызынын негизинде ишти кайра карамак. Анда соттук отурум 21-августка жылдырылган.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.