Баш коргоо чарасы каралып жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отурумунан сүрөт жарыяланды

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отурумдагы сүрөтү "Ата Мекен" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Бүгүн, 29-августта Биринчи Май райондук сотто эки саясатчынын баш коргоо чарасы каралып жатат.

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
toktor89
2019-08-29 14:56:12
Боштондук!
+3
umarbey
2019-08-29 15:04:01
Azirki srogu az kaburook ubakitma kamash kerek. Miyzamdin atasimin dep miyzam jazgan, oshol miyzamdardin artinan olko ekonomikasi bir top ziyanga uchurap atat. Bir ele misal bizge 120 deputattin emne keregi bar?
-1
Kalnazarov89
2019-08-29 15:04:44
АКТАЛСЫН ДЕГЕНДЕР КАНЧООБУЗ.+ Баскыла
-1
JENTLEMAN
2019-08-29 15:09:30
Акталса деле толк жок, ошол ошол бойдон эле калат өлкөнүн абалы((.
+12
oSporte
2019-08-29 15:21:41
Путин акам турганда чыкпай калдыго
0
fora
2019-08-29 15:32:05
Соке укосу эко чечет сот бул жон гана убакт откормой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан