Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнө биринчи суракка чакыртылган күнү эле өз каалоосу менен телефонун тапшырган. Бул тууралуу Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат жана телефон Курсан Асановго бериле элек.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.