"Апрель" телеканалынын жетекчиси: "Биздин каналдын өчүрүлүшүнөн 10го жакын саясатка тиешеси жок канал да өчүп чыгымга учуроодо"

Бишкекте "Апрель" каналы 7-августтан бери көрсөтпөй жатканы маалым болду. Бул туурасында комментарий алуу үчүн телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложниковго кайрылганыбызда ал каналдын өчүрүлүшү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуяларды чагылдырууга тоскоолдук кылуу максатында жасалды деген пикирин айтты.

"Бир эле "Апрель" телеканалын өчүрүү мүмкүн эмес. Учурда биздин каналдын кесепетинен дагы 10го жакын канал өчүрүлгөн. Бирок баса белгилеп айта турчу жагдай ал каналдардын саясатка эч кандай тиешеси жок. Учурда ал каналдар чыгымга учурап жатат. Себеби аларга кардарлар жарнама беришчү, учурда буюртма бергендер менен бул жагдайдын айынан пикир келишпестиктер да болууда.

Бишкекте биздин каналдын берүүсү 7-август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди биринчи жолу кармоо операциясы башталгандан кийин 1 саатка жетпей өчүрүлгөн. Бизге берилген маалыматтарга ылайык, Бишкекте канал өчүрүлгөнүн электр магнит толкундарын мейкиндикке таратуучу жабдык (передатчик) бузулуп калганы менен түшүндүрүштү. Ал эми аймактар боюнча "Апрель" телеканалы менен кошо коммерциялык пакеттеги 21 менчик канал да өчүрүлгөн. Буга тиешелүү мекемелерден жалпысынан 21 канал кирген мультиплекстин "Радиорелейдик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ААКсына карыздары бар деген себепти айтууда. Бирок менин айтарым, ооба карыз бар, бирок ал биздин карызыбыз эмес, анын үстүнө анын көлөмү анча деле чоң эмес. Себеби айрым телеканалдардын карызы 70-80 миллион сомго чейин жеткендери да бар, ал эми биздин мультиплекстин карызы 2 миллион сомдун тегереги экен. Мындай карыз менен буга чейин деле иштеп келгенбиз.

Азыркы абалды айта турган болсом, биздин канал өлкө аймагы боюнча толук өчүрүлдү. Абоненттик база 95 пайызга кыскартылды. Учурда каналдын көрсөтүүлөрү социалдык тармактар менен гана чектелип калды. Бирок эми ал жакта башка аудитория. Учурда биз тиешелүү мекемелерге кат жөнөттүк, бирок расмий кат жана жооп келе элек.

Ири интернет провайдер болуп эсептелинген "Акнет" компаниясы Бишкекте эле эмес, Ошто да чоң интернет провайдер болуп эсептелинет. Бул жакта биздин канал анын жетекчилигинин түз тапшырмасы менен өчүрүлгөнүн аныктадык", - деди Ложников.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан