Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлкүн текшерүү үчүн Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Башкы прокуратурага жөнөткөн.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын 135 даана мүлкү камакка алынган.
Документтерди текшерүүдөн кийин 20 даана кыймылсыз мүлк белгиленген тартипте камактан бошотулду. Жал-23 кичи районундагы №77 көп кабаттуу турак үй, аталган үйдөгү 18 батир камактан чыгарылды. Башкы прокуратура азыркы учурда Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктү текшерүүнү улантып жатат.
Буга чейин Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрү деген тизмени жарыялаган.