Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Башкы прокуратурага Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы келип түштү. Ага ылайык, 7-8-август күндөрү ИИМ министринин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ министринин буйруктарын аткарбастан, аны менен кеңешпей туруп ИИМдин кызматкерлерин башкаруусуз, коркунучта калтырып мыйзамды одоно бузган. Мындан сырткары, далил буюмдарды жана тергөөгө керектүү документтерди жашыруу менен жазык-процессуалдык мыйзамдарды сактаган эмес.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары иликтенип чыгып, чогултулган материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлдү. Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган тергөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
tihonkg
2019-08-14 13:03:06
Шамал болбосо буудайдын башы кыймылдабайт, бул деле атамбаевтин убагын боп кеткен, бир кудай билет, озбектерди крышавать эткен деп уккам убагында может азыр деле
-25
amirrus
2019-08-14 13:03:29
Саясаттын сасык оюнунун курмандыгы болду ортак Генерал
+18
titanik32
2019-08-14 13:04:34
Министр МВД Кашкар 7-8 числодо Кой ташта тамеки чегип эле каткырып жүрүптүр го.Эми
экс зам мин МВД КР К Асановдү күнөөлөгөн эмнеси?Пакеттин ичинде эмне бар экенин бир Аллах анан АША билсе керек.Өзүңөр АШАнын жанына даап бара албайсыңар да,анан сүлөшкөн кишини төө басты кылганыңар кандай?Уят эле болуп жатабыз негизи биз дүйнө жүзүнө.Ойлонгула бийликтегилер тереңирээк.
+16
KAYRATBEK
2019-08-14 13:12:32
Туугандар конул бургула. Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен бир унаада баратканда, Атамбаев сурадыго Кашкар канча кызматкер болуп келдинер? дегенде Кашкар Жунушалиев ачыгын айтайын 3000 кызматкер келди. Сизге калп айта албайм Алмаз Шаршенович деп айткан созу бар жакшылап кайталап уксанар. Бул саткынчылык милицияны ички сырын саткандыка жататко. Урматуу тоболдор жакшылап ВИДЕОНУ коруп угуп чыккыла. Негизги саткын башка бироо.
+17
s81
2019-08-14 13:13:19
Бир жакшына иштейт ко ал
+10
Avrora2017
2019-08-14 13:36:31
Бети жоктор, акмактар экенда бийлигинер менен олуп кеткирлер башка созум жок
+12
Nur777
2019-08-14 14:07:01
Сокенин ким экенин билдинерби эми?!)
+13
meni_kut
2019-08-15 10:49:59
Nur777,Кашкардын ким экенин билдик
0
aza84
2019-08-14 14:30:00
Мага самое главное жакшы мамлекет башчы и тынчтык керек самое главное Кыргызстан онуксун...
+9
kamchatka
2019-08-14 15:21:01
Jeenbekovko oium tuz bolchu Asanovtu jumushtan boshotkondo tunuldum
+4
Kumarchik
2019-08-14 16:07:41
Комент жазалбай калат окшойбуз бара бара
+2
mirkaa5182
2019-08-14 16:12:41
Өмүрүн тобокелге салып Атамбаевке барган адамды иштен алып койсо, бизде өзү чындык жок, бири бирин көрө албастык бар.
+5
nur...nur.
2019-08-14 18:13:55
Ич куйдулук ушунчалык болот экен да уят Кашкар
+3
Arlenchik
2019-08-14 19:45:32
Жээнбековду колдоп аткандар чыныгы жүзүн көрдүңөрбү саткындын! Курсан Асанов ак жерден жаман атты болуп жумуштан бошоду, бул акмак Атамбаевди да каралап өздөрү уюштуруп Атамбаевди жаман көрсөтүп койду, кыскасы бул жээнбековдор жакшылык кылчу түрү жок, кызмат абалынан ашыкча пайдаланып өз билгенин кылып атышат, Абылгазиев жөн эле муляж да, Асылбектин чечимине кол коюп койду,ал эшектин тушамышын чечпейт.
+3
adilbars
2019-08-14 21:41:42
Кетсин баары!
0
mr.ulan89
2019-08-14 22:55:31
Асылбек Жээнбеков эле башкарып атат бул жерде Кашкар ошол Курсан Асановдой боло албайт Ошто июль окуясында ушу Курсан алып калды эле го Ошту ушундай кетишинерде бийлик бирди көргөнү турат окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан