Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун бир тууган агасы Чүй ОИИББинин кызматкери Казыбек Бапышов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал 23-декабрда үй камагына чыкты. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.