Үрөй учурган мушташ. Издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы айтты

"Ооба, чынында эле шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштейт. Биздин кызматкерлердин бул ишке кийлигишкени да чын. Иликтөө иштери аяктары менен суроолорго жооп беребиз. Кылмышкерлер жакын арада табылат", - деди Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Ал бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте билдирди. Министр бул иш анын көзөмөлүндө турганын да баса белгиледи.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сурап жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shabi
2019-09-03 15:38:32
Ошо милиция тууганын кошуп жазалагыла
+9
nurbek11
2019-09-03 16:02:25
Министирге рахмат эркекче ачыгын айтыптыр. Бирок орун басарынызды коро албастык менен иштен айдап чатак иш кылдыныз, же болбосо коттун ишин кылдыныз.
+6
katerina.li
2019-09-03 16:48:33
Балык башынан сасыйт
+3
Take_men
2019-09-04 08:56:03
Эки айбанды машинага салып кеткен милиция тууганын камасын. Ошол качырды да
+3
taalay25
2019-09-04 13:08:22
Арамылар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан