Үрөй учурган мушташ: Адвокат шектүүлөрдүн милицияда иштеген агасынын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт

Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташтан 2 жигит жабыркап, комага түшкөн болчу. Аларды сабаганга шектүүлөр 2 айга камакка алынды. Ал эми мушташтан кийин окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмышты жаап-жашырууга аракет кылган деген жүйөө менен иштен алынып, кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги балдарды сабаганга шектүүлөр менен милиция кызматкерлеринин бири Казыбек Бапышов бир тууган ага-инилер экенин маалымдаган.

Бүгүн, 12-сентябрда Бапышовдордун жактоочусу Динара Медетова маалымат жыйын өткөрдү.

"Мен Казыбек Бапышовдун кармалуусун мыйзамсыз деп эсептеп жогорку күч органдарына кайрылып кетүү үчүн маалымат жыйын берейин деп чечтим. Казыбек Бапышов Чүй ОИИБиндеги кызматынан мыйзамсыз алынды. Мен анын кармалуусун мыйзамсыз деп эсептейм. Мыйзамда жаран ата-энеси же бир тууганы жасаган кылмыш үчүн жооп бербейт деп жазылган", - деди ал.

Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жактоочу: "Казыбек Бапышовдун кармалышы мыйзамсыз"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sabirdinovich
2019-09-12 12:12:31
Бир туугандарын камактан уруксатсыз чыгарып жаткандан кийин албетте күнөөлүү болот да
+8
Azkoni
2019-09-12 12:14:45
Бир тууган эмес башка болсо деле,кылмышты жашырса жооп берет поступкасы учун.
+8
senchi
2019-09-12 12:34:13
Адвокат сенинда тууганынды ошондой кылып урушканда көрөт элем. Анда жооп берчи кылмыштын бетин жабышка аракет кылганы мыйзамдуубу?
+9
senchi
2019-09-12 12:41:56
Ошол балдардын терисин тескери сыйрыйтко көчөдө жолуктурса элдер.
+8
Bars88
2019-09-12 13:51:07
Ушундайлардын айынан канча куноолулор кармалбай ээн эркин журушот.Адвокатын кошуп камап салса соооп болот
+6
Take_men
2019-09-12 14:05:38
Эмне дейт могу ептуубаймат
+8
Mister-X
2019-09-12 14:45:18
Кызмат абалынан пайдалануу, кылмышты жаап-жашыруу,кырсык учурунда оз ишин билбестик-деген беренелер бар.Бул жетишпесе дагы коп беренелерди таап берем
+7
uli1234
2019-09-12 17:13:25
Ушу катынды да камап салгылачы зоокурлооду коргогон акмак экен. Неге коргойсун неге жазасын женилдетесин, кок мээ
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан