Жалдагы үрөй учурган мушташ. Шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда

Бишкектеги Жал кичи районундагы мушташ боюнча кармалган бир туугандар окуя боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин шектүүлөрдү алардын бир тууган агасы телефон чалып, Бишкек ШИИББине алып келгени айтылган.

Окуянын чоо-жайы:

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Шектүүлөрдүн аты-жөнү 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жигиттер деп аныкталып, аларды табууга Бишкек ШИИББи жардам сураган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө 39-130 (адам өмүрүнө кол салуу) беренеси менен кылмыш иши ачылган. Эки жабырлануучунун абалы учурда оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

Ал эми издөөгө жарыяланган шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганын ИИМ башчысы билдирген.

Окуя болгон жерден шектүүлөрдү алып кеткен Чүй ОИИББинин кызматкерине кызматтык иликтөө башталган.

Ленин райондук прокуратурасы бул окуядан кийин экипаждын 3, облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 1 кызматкерине кылмыш ишин козгогон. Анда милиция кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" беренелери менен шектелип жатканы маалымдалган.
5-сентябрда Ак Үйдүн астында митинг өтүп, ага Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташка кайдыгер карабаган адамдар жана жабырлануучулардын жакындары келген.

Бишкек ШИИББи: “Жалдагы үрөй учурган мушташка шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Sicilya
2019-09-06 13:32:56
Энендурайын эшектер эмне эле болуп жатышат!!! Минстр МВДнын авторитети жок турбайбы
+23
Kyrgyz_bloger
2019-09-06 13:34:25
Кылгылыкты кылып коюп эми озунчо саясатчылай болуп жатабы,корсотмо береби бербейби далил катары видео болгондуктан 10 жылдан нары срок бергиле,кучотулгон тартипте.
+22
bema_bema
2019-09-06 14:13:21
Kyrgyz_bloger,Мындай мыкаачыга 10 жыл аз ,омур бою кетсин.Видеону коруп алып журогум ушунчалык ооруду , эси ооп калган неменин устуно чыгып алып секирип ойноп,башын шумдук нарака берака тээптир.Буларды сураксыз соттолсо да аздык кылат.
+21
Avrora2017
2019-09-06 14:03:48
Булар жаман наглый экен копконда немелерго, корсотмосун эмне кыласынар видео жетпей жатабы силерге ылжыраган органдар кыжырды гана кайнатасынар го жудогон чмолор опкосун узо узо чапкыла дердейтпей могу эки айбанды, анан корсотмо бербегенин кором, кыргызстанда кыйноо боюнча милицалар алдыга ат салдырбайсынар простой адамды суракта сабап деле олтуруп саласынар эми мында эмне эле манканар агып атат жудогон эшектер же коркуп атасынарбы
+28
bema_bema
2019-09-06 14:09:55
Иштен кетсин министр, чалкалап отурушат эмнеге кишен салбайсынар коркунучтуу айбандарга.Камера тартпаганда булар мойнуна алышпайт болчу,МВД нын баары ушулар тарапта экен,кантип эки кылмышкерди канча кундон бери кармай албай оздору келет ,уят К.Жунушалиев кандай иштегенинер билинди.Ойдодо бироо айткандай видеону корбосонор жонотуп койолу силерге.Корунуп турат баары ачык биринчи сотто соттолушсун омур боюга,булар биринчи жолу эмес коп адамдарды урушканда тиги милиция байкесине ишенип.
+20
Mashyrbek
2019-09-06 14:16:44
Курсан Асанов болгон до министр булар ошол куну таап жайына коймок ошондо кормокбуз корсотмо бербегенин окунучтуу К.Асанов жоктугу
+10
Anti-S
2019-09-06 19:38:22
Mashyrbek, Курсан Асанов деле Коп жыл органдарда и ыйгарумдуу окул болуп иштеди. Акчаны аябай жыйган дешет Ош окуясында. Элдин алдында бир суйлоп кайра бай озбектерди качырып билгизбей деген имиш
+1
talaa11
2019-09-06 14:35:55
Дубинка менен жоон санга сийдире чапкыла анан кором корсотмо бергенин булар таза эле эркелеп алышыптырго МВД колунардан покдагы келбейт шалаакылар
+16
Shabi
2019-09-06 14:52:38
Таянган ишенген даагы бир чиновниги болсо крек да.бир тоок уурдаган адамды олгучо сабап кыйнайсынар.ушул экооно алынар жетпей жатабы.же коркуп жатасынарбы.
+9
kechirmeni
2019-09-06 15:08:43
Менимче бул жерде уйроткон бироо бар да, корсотмо бербегиле дагы мынай кылгыла андай кылгыла деп уйротуп турган
+9
JaneEr
2019-09-06 16:09:48
Корсотмонун кереги жок.Доказательво барго видео,эл кубо.
+11
Aikaaaa
2019-09-06 18:03:54
Булар видеокамера бар экенин билишкен эмес го, билинбей калабыз деп ойлошкон. Дагы жакшы видеонаблюдениеден өчүртпөй, элге жайылып кетти. А то өчүртүп деле салышмак. Эми эмне кылаар айлаларын таппай атышат, билинип калышып. Буларга бирөөлөр эле диктовать этип жатат, эмне кылышын
+7
tachkomur
2019-09-06 18:26:57
Корсотмонун емне кереги бар элдин баары корсотмосу жок билет иштегиле элдин жинине тийбей
+2
Rusi79
2019-09-06 19:34:51
Корсотмо бербесе олуп кетишсин, туратко факт болуп видеодо кандай жырткычылык кылгандары.по полный жооп берсин кылган ишине айбандар,биз эл иштин журушун козмомолдойбуз ойлобогула"отмазат"этебиз деп.
+4
Kylychisa
2019-09-06 19:44:10
АШАдан уйронгонго))) 3-4 кундо жумшап калышат.
+2
Sultanim
2019-09-07 07:56:17
Бул дүйнөдө өмүр бою калчудай керсейишет. Кудайдын таразасы так,адилеттүүлүгү бар.Кулдан жазааңарды албасаңар,Кудайдан катуу аласыңар!Бир эле экөөң эмес,силерди коргогону да колдогону да!
+1
Nestana95
2019-09-07 12:38:47
Кандай корсотмо бербей жатышат,бийлик органдары,куч органдары карапайым элди мээси иштебеген тайкы ,озулорун кардан ак,акылдуу неме корушобу,,,,, жонокой карапайым болгондо эртеси эле таап,мойнуна алды деп чыга калышмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан