"Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милициялардын колдоосу менен камактан чыгыптыр" деген билдирүү бүгүн, 4-мартта социалдык тармактарга тарады. Интернет колдонуучулар билдирүүнүн алдына "эмнеге коё берип жиберишет" деген суроолорун жаадырып, талкууга алышты.
Бул боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, маалымат чындыкка дал келбейт дешти. "Шектүүлөр дагы деле камакта, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат" деди мекеменин басма сөз катчысы.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрда Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.
14-февралда Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган.