"Супер-Инфонун" журналисти кен өндүрүү тармагындагы айкындуулук боюнча уюштурулган сынакта 3-орунду жеңди

"Супер-Инфо" гезитинин редактору Гүлжан Асанкожоева "Кен өндүрүү тармагындагы айкындуулук боюнча демилгеси" консорциуму уюштурган журналисттер арасындагы сынакта 3-орунду жеңди. Сынак 2019-жылдын 1-майынан 23-сентябрга чейин "Тоо-кен өндүрүү тармагындагы байланышты жакшыртуу" долбоорунун алкагында Natural Resourse Governance Institute уюмунун финансылык колдоосу менен уюштурулган.

Сынактын максаты тоо-кен өндүрүү тармагындагы финансылык айкындуулукту жана айкын маалыматты коомчулукка жеткирүү. Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 27-сентябрда чыгарылып, анда бир катар эркин журналисттер жана блоггерлер байгелүү сыйлыктарга ээ болушту.

"Кен өндүрүү тармагындагы айкындуулук боюнча демилгеси" уюштурган сынакта 3-орунга татыктуу болгон макаланын шилтемеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azizbek_Musabekovich
2019-09-27 15:18:44
ооо Гулжан, куттуктайбыз
-2
narjan
2019-09-27 15:23:17
молодец, азаматсын
-2
admingezit
2019-09-27 15:27:32
куттуктайбыз !!!
-2
Гүлжан Асанкожоева
2019-09-27 15:34:23
Баарыңыздарга рахмат!
-3
akmanai
2019-09-28 02:20:52
Гулжан Асанкожоева сыйлыгыныз куттуу болсун! Дагы ийгиликтерди багындыра бериниз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан