Жактоочу: "Элдин демилгеси менен Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу боюнча кол топтолууда"

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышын талап кылгандар кол топтоп жатышат. Маалыматты SUPER.KG порталына экс-депутаттын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастады.

Маалыматка ылайык, бул үчүн өлкөдөгү шаарларда жана аймактарда атайын штабдар түзүлүүдө. Ал жерге каалоочулар келип, Жапаровдун абактан чыгышы боюнча жазылган кагазга өзүнүн колун коюп кетсе болот. Мындай штабдар Кыргыз жарандары жүргөн башка өлкөлөрдө да иштейт.

"Мындай иш-аракеттер бир апта мурун башталган. Бул убакта 10 миңдей адамдын колу топтолду. Жалпы 100 миң кол топтойбуз деген план бар. Кол топтоону Садыр Жапаров камактан чыксын деген эл өзү демилгеледи. Көбү митинг өткөрөлү деп жатышкан, бирок митингдер эч кандай натыйжа бербей жаткандыктан, ушул ыкманы эл өзү сунуштады. Кол топтолуп бүткөндөн кийин биз президентке жана Жогорку Сотко арыз менен кайрылабыз", - деди Токтосунов.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zahid
2019-10-04 17:16:46
Кантип жардам берсе болот
+1
altyn-kumush
2019-10-04 17:21:46
Элди деми менен дебей өзүңдүн ишиңди кылчы жактоочу
-3
asash
2019-10-04 19:30:54
Мезгилдин демилгеси, муну ар бир кыргыз жараны колдойт деп ишенем, Москвадан да топтойсунарбы, бул жакта мекендештерибиздин копчулугу ушул демилгени колдойт.
+2
Makul
2019-10-04 20:22:47
Каякка барып коюш керек. Адресин жазсаңар көп эле элдер коймок
+5
Omush94
2019-10-05 02:15:12
Мен да колдойм
+1
urmat94
2019-10-05 02:36:50
Адрестерин жазып койгула
+1
shankol88
2019-10-05 03:52:12
Кантип колдошту адрестерин айтып койгула сөзсүз колдойм...
+1
Kalnazarov89
2019-10-05 13:25:32
Город Москва.улица ставропольская 70.ориентир АЗС Газпром
0
nnn.sss
2019-10-06 13:21:02
Бишкектен кантип берсек экен, бизда колдойт элек.Ушул кишинин акталышын кудайдан тилейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан