ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Мамлекеттик ЖМКлар аркылуу бизди каралоо токтой элек"

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингтин" мурдагы башчысы Айбек Калиев өз сөзүндө мамлекеттик ЖМКлар аркылуу каралоо иштери токтой элек экендигин белгиледи.

"Бүгүн иштин нак жагдайы боюнча айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Андыктан менин сөзүмдү бөлбөөнү суранам. 2018-жылдын апрель айында ЖЭБдин модернизациясы деген чоң эпопея башталган. Ошол маалдан бери укук коргоо органдары жана прокуратура тарабынан жасалган укуктук мыйзамсыздыктын туткундары болуп келе жатабыз. Учурда биз камакта отурганда мамлекеттик ЖМКлар аркылуу маалыматтык каралоо жүрүүдө. Коомго жасалма материалдардын негизинде маалымат таратып, жалган пикир жаратуу аракеттери көрүлүп жатат. Айыптоочу тараптын базасы, бир таарынчак кишинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде топтолгон. Анын атын атагым келбейт, бирок материалдарда көрсөтмөлөрү жазылган. Отурум бир тараптуу өтүп, иште көрсөтүлгөн башка адамдар, тагыраагы, Кытай тарап суракка алынган жок. Камакта отургандар коомго чындыгыбызды ачык жеткире албай жатабыз", - деди ал.

Мындан тышкары, Айбек Калиев иштин алкагында чогулган 55 томдун материалдары алардын пайдасына экени анык болуп турса дагы, айыптоочу тарап анын эске албаганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
toktor89
2019-12-04 10:30:53
кесиби башка иш билбеген туугандарын ишке алып арамды адалга айландырган элин жерин тоногон хххх.Арам менен азыктанып конгон экенсинерАлганынар аш болбойт. Местасына коюп койгула ал карапайым элдин акчасы.
0
Alimbek1000
2019-12-04 11:44:01
Калиев жаш туруп мамлекеттин казынасына кол салды кечирилгис күнөө!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан