ЖЭБди жаңылоодо айыпталуучулардын жактоочулары 3 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылышат

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу жабык өттү.

Соттук уктурууда Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев жактоочулар тараптан өтүнүчтөр келтирилгенин айтты.

Жактоочулар Нурбек Токтакунов жана Бакыт Жумашев тарабынан бирдей өтүнүч киргизилди. Ал өтүнүчтөр курулуш тармагындагы жана экономикалык соттук экспертизалар болгон. Буларды жараксыз далил катары таанып, аларды жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилди. Себеби мыйзам боюнча тергөөчүлөр экспертизаларды дайындаганда жактоочуларды жана айыпталуучуларды алдын ала токтом менен тааныштырышы керек болчу. Тааныштырып жатканда айыпталуучулар өздөрүнүн суроолорун киргизсе болот. Бирок алар бул укугун пайдалана алышкан жок. Ал эми тергөөчү бизди корутунду даяр болгондон кийин тааныштырды. Мыйзамдын “жазык проссецуалдык кодексттин” талаптарын бузуу менен экспертиза алынган. Мындай учурда мыйзамдын талаптарын бузуу менен чогултулган далилдер жараксыз деп табылып, өкүмдүн негизине коюлбашы керек. Ошол себептен биз жок кылгыла деп сурандык. Тилекке каршы, бул өтүнүч канааттандырылган жок. Жактоочулардын өтүнүчтөрүн Бишкек шаардык Свердлов райондук соту канааттандырбоону мыйзамсыз деп эсептейбиз. Ошондуктан үч күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз.

Кийинки соттук отурум ачык болору айтылды. Бирок Свердлов райондук сотунун залы тар, ал жакка көп киши батпайт. Ал үчүн атайын шарттар түзүлүшү керек болчу. Анткени катардагы эле соттук отурум эмес, бул тарыхый иш болуп жатат. Ал эми судья ушул эле залда өтөрүн айтты. “Кааласаңар кысылып, башкаларды батырып алгыла” деди”, - дейт Жоошев.

Кийинки соттук отурум 2019-жылдын 6-мартында Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2019-02-27 21:42:45
Арасдардан акчаны кустургула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан