Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун СИЗО-1деги мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Тактап айтканда, алар 31-декабрга чейин камакта болушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле УКМКнын СИЗОсунда учурда камакта жаткан Казыбек Бапышовдун да мөөнөтүн Биринчи Май райондук соту узартты. Ал 2020-жылдын 6-январына чейин камакта болот.
28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген.