Үрөй учурган мушташта жабыркагандардын жакындары "шектүүлөрдү кармоо ИИМдин колунан келбесе министр кызматтан кетсин" деген талапты коюшту

Бүгүн, 5-сентябрда Ак Үйдүн астында Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташка байланыштуу митинг болуп өттү. Митингге келгендер үрөй учурган мушташта эки жаранды катуу сабаганга шектүүлөрдүн эртерээк кармалып, жазаларын алуусун талап кылышты.

Митингчилер ички иштер министри мушташка шектүү эки жаранды 3 күндөн бери кармай албаса, министр кызматтан кетсин деген талаптар да айтылды.

Катуу абалда сабалгандардын бири Асылбек Молдажиевдин атасы Дүйшөнбек Молдажиев баласынын абалы азыр деле оор экенин айтып, шектүүлөрдү эртерээк кармоо өтүнүчү менен эл өкүлдөрүнө кайрылды.

"Кайсыл бир чоң чиновниктин баласы болсо бир секиртпей эле бир күндө кармашмак. Урматтуу депутаттар, сиздердин суранарым өзүңөр көзөмөлгө алып, эртерээк кармап бергиле. Шектүүлөрдүн байкесин кызматтан алышты. Ал болсо кызматтан алынганына кайгырып атыптыр", - деди жабырлануучулардын биринин атасы.

28-август күнү Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алып, анын кесепетинен эки жаран оор абалда комага түшкөн.

Үрөй учурган мушташ боюнча митингге чыккандар ички иштер министринин иштен кетишин талап кылышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talaa11
2019-09-05 14:13:06
Тиги эки зоокур бей капар уруп тепкилеп анан дагы табылбай жатканына Караганда крышасы кучтуу наадандар окшойтго айбандар
+10
Rajo100
2019-09-05 15:11:27
Курсан Асанов болгондо бугунку кунго чейин кармайт беле деген ой келет, Жунушалиев ото эле чабал иштейт окшойт
+12
Nargiza1987k
2019-09-05 15:30:22
Жунушалиев жарабады кетсин иштей албаса жанагы эки милицияны сийдире койсо беш минутда таап берет элего ал негизи табылган болуш керек просто акчасы керек болуп аткандыр чон болумуш сооройлорго
+9
Sicilya
2019-09-05 16:03:26
Жунушалиев генералга окшобойтго ону тусу шакалдарга окшош хитрый корунот бунун колунан жакшы иш келбейт
+4
Ysakov_Nur
2019-09-05 16:18:02
Курсан Асанов жок болсо Кашкар Жунушалиев "тряпка" болуп калды, министр болгону ушул бир ишти аягына чыгаралбаса, калган нерселерден умут кылбай эле койгула
+4
Abdizhapar
2019-09-05 17:38:52
Зоокурлорду кармап министрин кошуп камаш керек иттерди
+1
elchi84
2019-09-05 17:53:39
Тууптура айтыптыр таба албаса кетсин иштен ,эртен бир оор кылмышкерлерди анда булар вопше кармай албайт экен да анда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан