ЖЭБди модернизациялоо боюнча кийинки соттук отурум 6-ноябрга белгиленди

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 4-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак беришти.

Тараптардын суроолору негизинен ЖЭБди модернизациялоо боюнча кабыл алынган токтомдор, ведомстволор бири-бирине жөнөткөн каттар, процессуалдык маселелер тууралуу берилди. Отурумда жактоочулардын кайым айтышуусу орун алып жатты. Сот: "Бүгүн жактоочулар кайталанма жана ишке тиешеси жок суроолорду көп берип, убакытты созуп жатат", - деп эскертти. Акыркы болуп сурак берген Артыкбаевге суроолор аяктап, сот кийинки отурумду 6-ноябрга белгиледи. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар: "Сот белгилеген убакта отурум башталышы керек. Ал эми айыпкерлер конвойдун бөлмөсүнөн чыкпай, сот 15-20 мүнөткө кечигип башталууда", - деп эскертишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан