23-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу мындай чечимдин кабыл алынуусу кош стандарттын (ред. укуктук жана моралдык талаптарды бир эле учурда ар башка адамга эки башка колдонуу) жана бийликтин айыпталуучунун персонасына карата өзгөчө мамилесинин көрсөткүчү экендигин белгилейт.
"Учурда Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Сапар Исаковдун дагы бир иш каралууда. Бул иш боюнча териштирүү аяктап, соттун чечими чыкмайынча мурдагы өкмөт башчынын мыйзам чегинде каралган укугунун кепилдиги болуш керек эле. Ал эмне болгон кепилдик? Мыйзам боюнча айыпталуучу ал өтүп жаткан бардык отурумдарга катышып, коюлган айыптардан өзүн коргоого мүмкүнчүлүк алыш керек. Исаков №8 абакка которулса, мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылат. Анткени УКМКнын тергөө абагы менен СИЗО-1ден гана айыпталуучуларды соттук процесстерге алып келүү каралган.
Ошондуктан бул жерде кош стандарт жөнүндө айтууга негиз бар. Бир иш боюнча чечим чыгып, бирок дагы башка соттук иштен өтүп жаткан Сапар Исаковдон тышкары жарандар УКМКнын абагында же СИЗО-1де эле отурушат. Алар түзөтүү колонияларына которулган жок", - дейт жактоочу.
Ошол эле маалда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы дагы маалымат таратып 22-апрелде СИЗО-1де мекеменин кезектеги жыйыны болуп, анда 86 адамга карата кармоо режимин жана мөөнөтүн өтүү жайларын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
"22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.