Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берди. Анда Сапар Исаков Артыкбаевге суроо берип жатып. "Энергетика министрлиги боюнча суроо берип жатканым, Артыкбаевди чөктүрөйүн дегеним эмес. Тескерисинче бул суроолор сиздин абалыңызды жакшыртып жатат деп ойлойм", - деди ал.
Буга Артыкбаевдин жактоочулары: "Сиз бизге сарсанаа болбой өзүңүз тууралуу ойлоно бериңиз" деп жооп беришти. Ал эми Артыкбаев: "Сапар Жумакадырович мени ойлоп, мага оңой суроолорду берип жатканыңыз үчүн рахмат" деди.
Отурум учурунда сот Сапар Исаковго карата эскертүү берди.