ЖЭБ соту: Кийинки соттук отурум 13-ноябрга белгиленди

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин сотко болгон өтүнмөсүнөн башталган. Анда ал суракка мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин чакыртылышын өтүндү. Бирок судья алардын көрсөтмөлөрү иш үчүн маанилүү эмес экендигин белгилеп, баш тартты.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов да сурак берди. Сурак учурунда ал: "TBEA" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн эмеспиз. Бардык кабыл алынган документтер мыйзам чегинде жүргүзүлгөн. TBEAнын өкүлдөрү менен болгону 3 жолу жолуккам. Эгер ЖЭБди модернизациялоодогу кабыл алынган келишимдерге, токтомдорго, документтерге тиешеси бар адамдарды жоопко тартса, анда ЖЭБдин бардык кызматкерлерин камаш керек эле. Бул ири долбоор болгондуктан, ар бир этабында бир топ адамдар иштеген, салым кошкон", - деди Авазов.

Мындан тышкары, отурум учурунда айыпталуучулар жана жактоочулар Авазовго ар биринин бул ишке канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин тастыктаган суроолорду берди.

Соттук отурумда Сапар Исаковдун жактоочусу жеке менчик компаниянын чыгарып берген психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын тиркеп коюу үчүн судьяга өтүнүч келтирди. Буга Осмонбек Артыкбаевдин жактоочулары каршы чыгып, жактоочулар ортосунда келишпестик жаралды. Иштин материалдары жана жактоочулардын укуктары тууралуу кайым айтышуу жүрүп кеткендиктен, судья сотту жыйынтыктады. Кийинки соттум отурум 13-ноябрга белгиленди.

Маалым болгондой, сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
altyn-kumush
2019-11-12 09:03:44
ЖЭБди модеринизациялоо ишинде Сапар менен АШАнын күнөөсү тоодой. Ал экөө Кытайдан алган каражатты бөлүштүргөн. Сапар "Мурас" фондуна акча тартса АША 2 гектарга үй салып алган. Мына ким чыныгы кылмышкер коррупционер экендиги белгилүү.
-5
Erik2018
2019-11-12 10:33:07
altyn-kumush,туура уурулар кыргызстанды тупике алып келип оздору куйругун туйуп качканы калганда камалып жакшы болду
-8
Bektur2011
2019-11-12 10:44:33
Бишкек ТЭЦинен Атамбаев менен Сапар Исаков 111 млн. доллар уурдаган. Аны Гонконгдон түз эле Англиядагы офшордук зоналарга которуп салган.
-10
Ernestinio
2019-11-12 10:39:15
altyn-kumush, туптуура, кылмышкерлер жазасын алыш керек
-9
Alimbek1000
2019-11-12 10:47:33
Кыскасы уурулар, жемкорлор 111 млн доллар акчаны тез ордуна алып келип койгула.
-6
Alimbek1000
2019-11-12 10:43:44
Жемкорлорду өлүм жазасына тартыш керек!!!
-7
nookat2020
2019-11-12 09:16:05
Кыргызга күйгөн бул Садыр Жапаров!
+6
maksat_osh
2019-11-12 09:17:03
nookat2020,Жапаров президент Мырзакматов премер болсо Кыргызстан өнүгөт
+8
Absamat-90
2019-11-12 10:20:39
Бул жерде жегичтерди колдогондордун баары ошол эл ушугондо булар офшорго которгон акчаны кошо жешкендер.
-11
Ernestinio
2019-11-12 10:27:41
бироого олум каалагандар эле кобойду. ошол олум озунордун башынарга келип калбасын
-11
Alimbek1000
2019-11-12 10:29:23
БИШКЕКТИКТЕРДИ КЫШТЫН ЧИЛДЕСИНДЕ УШУТКОНДОРДУН ЖАЗАСЫ ООР БОЛУШУ КЕРЕК. АЛ ЭМИ УУРДАГАН АКЧАЛАРЫ УЧУН ДАГЫ ОЗУНЧО ЖАЗА КАРАЛСЫН.
-11
Alimbek1000
2019-11-12 10:30:07
Атамбаевдин кучуктору жегенге соок да таппай калдынарбы? Ушуну кормоксунор негизи.
-11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан