ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталуучулардын сурагы соңуна чыкты. Кийинки отурум 14-ноябрда уланат

Бүгүн,13-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурумдун башында айыпталуучулар, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден башкасы, жана алардын жактоочулары өтүнмөлөр сот тарабынын аткарылбай жаткандыктан, судьяны бул иштен баш тартуусун талап кылышкан. Кеңешүүдөн келген судья Инара Гилязетдинова өтүнмөнү аткарууга негиз жок экенин айтып, отурумду улантты.

Андан кийин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдош Назаров жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова сурак беришти. Назаров сурак берип жатып сот коррупция беренеси боюнча ага коюлган айыпты алса, күнөөсүн жарым жартылай моюнга аларын айтты. Ошондой эле ал, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев тууралуу оюн билдирди: "Калиев экөөбүздүн ортобузда кызматтык милдет менен айласыздан байланган мамиле бар эле. Себеби мен аны мурун дагы, азыркы учурда дагы компетенттүү энергетик катары санабайм" , - деди ал. Сурактын соңунда ал, жактоочусунан башка берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми андан кийин сурак берген Темирлан Бримкулов дагы ден соолугуна байланыштуу суроолорго жооп бере албастыгын билдирди. Мындан тышкары Бримкулов аткарылган иштердин актысы жок дегенге макул эместигин, ал иштер тууралуу архивде жазылганын тергөө эске албаганын айтты. Акыркы болуп мурдагы финансы министри Ольга Лаврова сурак берди. Лаврова: "ЖЭБ боюнча бул жакта сурак берип жаткандар менен түздөн-түз иш алып барган эмесмин. ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоору менен финансы министринин мурдагы орун басары Мирлан Байгончоков иштеген" , - деди ал.

Бүгүнкү отурумда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткандардын сурагы соңуна чыкты. Кийинки отурум эртең 14-ноябрда уланат.

ЖЭБДи даярдоо, кол коюу, аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени айтылып келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-11-13 17:28:04
Сапар Исаков менен Айбек Калиев жаш кезинде Атамбаевдин сасык саясатынын курмандыгы болуп калды. Бири Америкада окуп тарбия көрсө да ашанын түлкүсүнө алданды. Ал эми Калиев болсо "балашканын" түлкүсүнө алданды. Булар ЖЭБге келген акчанын 111 млн долларынын чоо- жайын билбейт. Билбейт эмес билет эле жеп алып эми билмексен болуп жатышат.
0
Altyn2017
2019-11-13 17:53:11
Ошол акчага башка жаны ЖЕБ салып койсо болмок коопко кызмат кылмак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан