ЖЭБ соту: Айбек Калиевдин жактоочусу судьяга TBEAнын өкүлдөрүн суракка алуу үчүн видео байланыш түзүп берүүсүн өтүндү

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Отурум Айбек Калиевдин жактоочусунун судьяга болгон өтүнмөсүнөн башталды. Анда ал TBEAнын өкүлүн суракка алуу боюнча дистанциондук байланыш түзүп берүүсүн өтүнмө кылды. Тагыраагы, техникалык каражаттарды колдонуу менен компаниянын өкүлүн суракка алынышы керектигин айтты.

Жактоочулар бул өтүнмөнү колдоп, кылмыш ишинин алкагында сот экинчи тараптын отурумга катышуусун камсыз кылууга милдеттүү экенин билдирди.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков: "Бул өтүнмөнү толугу менен колдойм. Анткени отурум экинчи тараптын катышуусу жок болгондуктан созулуп жатат. Менин жактоочуларым TBEAнын өкүлү болгон Мусажан Макелекти УКМКнын имаратынын жанынан көргөн экен. Ал Кыргыз өлкөсүндө жүрсө, эмне үчүн видео байланыш аркылуу сурак бериши керек?", - деди ал.

Ал эми мамлекеттик айыпталуучулар: "TBEAнын өкүлү болгон Мусажан Макелекке күнөө коюлган. Ал УКМКга суракка келип жатат", - деди алар.

Буга судья ал өкүл кылмыш-жаза ишинин алкагында сурактан өтүп жатканына байланыштуу күбө катары сурак бере албастыгын айтып, өтүнмөнү аткаруудан баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2019-11-13 10:25:21
ЖЭБ модеринизациясы боюнча Сапар менен дал ушул Айбек күнөөлүү булар акчаны алып өздөрүнүн кызыкчылыг үчүн колдонуп ал аз келгенсип албетте экске берип тынчыткан. Эми өз жазаларын алсын. Бактыбызга ТЭЦ жарылгандан кийин күн жылып кетти болбосо баарыбыз суукта тоңуп өлүп калмакпыз.
-1
Shabi
2019-11-13 14:28:39
Jaznura,тигил сотто эки экиден кырылып жатышат,сен жедин мен жедим болуп.Соттор териштирип буто электе,сен катуусун го,дал ушулар жеди деп.Болду болбодун чоогу жешкенсин же жеп жатканын коргон окшойсун э.
0
Absamat-90
2019-11-13 10:27:15
ХХХХХ Жегенди билгендер жооп билгенди да билсенер жакшы болмок. ТВЕА алар эл аралык намысын сактап ар кандай жооп беруусу мумкун. Алар оз беделин ойлойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан