ЖЭБ соту: Жантөрө Сатыбалдиев: "Биздин күнөөнү далилдеген бир дагы факты жок"

Бүгүн, 27-ноябрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз айтуу процесси жүрүп, мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча окуп беришти. Андан кийин жарыш сөзгө Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу чыгып, Сатыбалдиевге коюлган күнөөнү алып, анын толугу менен акталышын суранды. Жантөрө Сатыбалдиев сотто берилүүчү акыркы сөзүн айтып жатканда, жактоочусу Замир Жоошев иш күнү бүткөндүгүн айтып, отурумдан чыгып кетти. Судья отурум улана берерин айтты.
Сатыбалдиев: "Биздин күнөөнү далилдеген бир дагы факты жок. Же тергөө "адам болсо, күнөө табылат" - деген принцип менен иш жүргүздүбү? Азыр санариптештирүү мезгили менин күнөөмдү далилдеген телефондук жазуунун аудиосун тапкыла, башкалардыкын таап жатат го", - деди.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aza84
2019-11-27 19:15:49
Негизи ушул адамды коп жылга кесиш керек Оштогу уйлор боюнча дагы кунолу жеткен куу адам экен да.
+4
Nazar76
2019-11-27 20:13:10
aza84,туура айтасын
+4
Absamat-90
2019-11-27 19:18:44
Булар тойгончо жеп өлгөнчө каргана берет экен. Артыкбаев сыяктуу эле алган акчаны которуп коюшсун.
+4
Kyrgyz-jigit.com
2019-11-27 19:20:52
тооа кыжырды эле келтирип басып журот экен да
+4
asman.81
2019-11-27 21:25:08
Тулкуго окшоп жегениндин баарын куйругун менен шыпырып журдун беле?!Ж.Сатыбалдиевди камап эле тим болбой кустургула,синирип кете электе.Канча эл мигрант бп тентип,нечен жаш балдардын соогу келип атат мекенине,ушуга окшогон жепжутаарлардын айынан !!!
+3
Samatalibei
2019-11-28 20:54:52
Кыргыз бюджетин ушул киши эле жеп алган коп былыктары качкан президентер менен кошулуп кеттип билинбей калды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан