Чүйдө жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетип каза болду. Айдоочу мас абалда болгон

13-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында Сокулук районунун Романовка айылында БМВ-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында Гагарин көчөсү менен баратып, 35-40 жаштагы кебетеси европалык болгон жаранды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу сүзүп кеткен жаранды аймактык ооруканага жеткирген. Бирок жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Ал эми айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен. Саат 07:40 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткени тууралуу дарыгерлерден маалымат түшүп, ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 1996-жылы туулган Т. Д. аттуу жаран Сокулук районундагы Чүй каналынан кармалган. Учурда айдоочу Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмүнө киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан