Бүгүн, 28-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү башталды. Буга чейин, 27-ноябрда мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришкен. Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Бакыт Осмоналиев ошол кездеги өкмөт өз ишин регламентке ылайык, мыйзамдын чегинде жасаганын белгилеп өттү.
"Тергөөдө Жантөрө Жолдошевич Кытай тараптын кызыкчылыгын көздөгөн деп айтылыптыр. Эгер анын чынында эле кызыкчылыгы болгондо, Кытай тарап берген насыянын үстөгүн төмөндөтүү боюнча иш-аракеттерди көрмөк эмес. Тергөө кайсы негиздерге таянып, Жантөрө Жолдошевичти "TBEA" компаниясынын тандалышы мыйзамсыз экенин билген деп жазышкан. Ал учурда долбоорду ишке ашыруучу компанияны тандоо өкмөттүн милдети эмес болгон. Мен бул иште тергөөнүн фантазиясынан башканы көрө алган жокмун", - деди жактоочу.
Мындан тышкары, жактоочу мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев суракка чакырылса, көп суроолорго жооп алынмак экенин кошумчалады.