ЖЭБ соту: Айбек Калиев "коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупцияга айыпталып жаткандарга чечим чыкты. Анда "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2017-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.



ЖЭБ соту: Исаков жана Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alimbek1000
2019-12-06 21:01:29
Буларга жаза жеңил берилиптир го
+7
Alimbek1000
2019-12-06 21:01:52
Бирок Сот чечими акыйкат чечим болуптур
+4
Jango
2019-12-06 21:53:42
Мен тушунбодум кимиси канча акча уурдашты кичине тагыраак жазсанар жаушы болот эле
+5
Jaznura
2019-12-07 09:21:43
Сапар Исаков сары баланы эми көрөбүз ыйлаганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан