ЖЭБ соту: Калиевдин жактоочусу: "TBEA"нын өкүлү айыпталуучуларга карата каршы көрсөтмө берген эмес"

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдош Назаров сурак берүүдө.

SUPER.KG порталы отурум учурунда эки тараптын кайым айтышуусуна алып келген "TBEA"нын өкүлү тууралуу Калиевдин жактоочусу Майрамбек Жумабековдон билип көрдү. Жумабеков судьяга "TBEA"нын өкүлүнөн дистанциондук байланыш аркылуу сурак алып берүүсүн өтүнгөн. Бирок судья баш тарткан.

"TBEA"нын өкүлү болгон Мусажан Макалекке дагы күнөө тагылып, камакка алынган. Бирок 2018-жылдын 28-декабрында анын үстүнөн иш убактылуу токтотулган. Тергөө муну анын ооруп калгандыгы менен түшүндүргөн. Бирок анын оорусу тууралуу эч кандай аныктаманы көргөн жокпуз. Жактоочулар иштин алкагында "TBEA"нын өкүлү болгон Макалек менен Калиевдин беттештирүүсүн өтүнүп келебиз. Бул талаптарыбыз аткарылбай келет. Белгилей кетүүчү нерсе, Макелек айыпталуучуларга карата эч качан каршы көрсөтмө берген эмес. Андыктан, тергөөдө жасалбаган ишти сот камсыз кылыш керек эле. Макелек орусча жакшы билгендиктен, анын көрсөтмөлөрү иш үчүн маанилүү. Эми сот бизге анын дистанциондук түрдө сурак берүүсүнөн дагы баш тартып жатат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, "TBEA"нын өкүлү келип, "кимге канча пара бергенин айтыш керек эле да. Демек, соттук отурум экинчи тараптын катышуусу жок өтүп, айыпталуучуларга толук кандуу коргоонусуна бөгөт коюп жатат десек болот", - деди жактоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан