Бүгүн, 6-декабрда ЖЭБ боюнча соттук отурум уланып, анда тараптардын репликасы орун алууда. Отурумда жактоочу Нурбек Токтакунов буларга токтолду.
"Феликс Кулов Президенттик аппараттан парламентке команда берилген деп айтты. Жогорку Кеңеш тескерисинче өкмөттү текшерүүчү орган. Эгер мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучулары аны колдоп берүүсүн суранса, бул нормалдуу көрүнүш.
Эгер чындыгында эле бардык мыйзамдарды аткарсак, анда биз азыркы өлкө башчысына импичмент жарыялашыбыз керек. Себеби Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда Асылбек Жээнбеков төрага болгон. Ал эми модернизация бүткөн соң, анын лентасын кесип, кабыл алган Сооронбай Жээнбеков болгон. Демек Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого себеп бар", - деди ал